“Таланттарды издейбиз” аттуу кароо-сынак болуп өттү

Бүгүн, 17-ноябрь күнү Студенттердин эл аралык майрамына карата Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эларалык университетинде салтка айланган “Таланттарды издейбиз” аттуу кароо-сынак болуп өттү.
Кароо-сынактын жүрүшүндө окуу жайдын жетекчилери тарабынан 17-ноябрь Студенттер күнүнө карата каалоо, тилектер айтылып, окуудагы жетишкендиктери, коомдук-маданий, массалык иш чараларда активдүүлүгү менен айырмаланган студенттер Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жана бириккен профсоюз уюмунун Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Сынактын негизги максаты студенттердин маданий эс алуусун уюштуруу менен эстетикалык табитин арттырып, таланттуу студенттерге коомчулуктун көңүлүн бурдуруп, алардын жөндөмүн өстүрүү экенин уюштуруучулар билдирди.
Кароо-сынак жалпысынан үч этаптан туруп, студенттер ырдап, бийлеп өздөрүнүн ар тараптуу таланттарын көргөзүштү.
Жыйынтыгында калыстар тобунун баалоосу менен баш байгеге тарых-филология факультетинин студентти Сали уулу Тайлак жана гуманитардык-педагогикалык факультетинин таланттуу студенти Токтосун кызы Кутбүбү ээлик кылды. Ал эми 1-орунга медициналык колледжинин студентти Элвира Туратбекова, 2-орунга кесиптик колледжинин студентти Жээнаалы уулу Ысмайылбек, 3-орунга юридика-бажы факультетинен Руслан Тиленов, Нурмухаммет кызы Айзат, инженердик-технологиялык факультетинен Нурзия Бегалиева татыктуу деп табылды.
Жеңүүчүлөр диплом жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Бул кароо-сынакты уюштурууну Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин мамлекеттик тил жана социалдык иштер бөлүмү, Студенттик жаштар комитети, “Маданий-эстетикалык” борбору колго алган.