КӨЭАУда окутуучулар арасында спартакиада жыйынтыкталды

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде профессордук-окутуучулар жамаатынын жана кызматкерлеринин ортосунда өткөн кышкы спартакиада жыйынтыкталды.
Спартакиада 2024-жылдын 8-январынан 13-январына чейин окуу жайдын “Достук” спорт клубунун жана дене тарбия кафедрасынын окутуучуларынын көзөмөлүндө өткөрүлдү. Спорттун 8 түрү боюнча өткөн спорттук мелдешке окуу жайдын бардык факультет, колледждеринен жана ректораттан командалар катышты.
Университеттин ректору, профессор Абдилбает Асанович спорттун стол үстүндөгү теннис, волейбол түрлөрү боюнча ректораттын курама командасында мыкты оюн көргөздү. Сыйлоо аземинде жалпы жамаатты сергек жашоого үндөп, жеңүүчү командаларга жана мыкты оюн көрсөткөн катышуучуларга диплом жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Жалпы командалык эсепте 1-орунду кесиптик колледж, 2-орунду табигый-педагогикалык жана маалыматтык-технологиялар факультети 3-орунду ректораттын командасы багындырды. Жалпы командалык эсепте жеңишке жеткен командаларга жана спорттук иш чарага жигердүү катышкан факультеттерге окуу жайдын бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиев грамота жана акчалай сыйлыктарды ыйгарды.
Аталган спорттук иш чара окутуучулардын маданий эс алуусун уюштуруу, ден соолугун чыңдоо жана жамааттын ынтымагын, достугун бекемдөө максатында жыл сайын окуу жайдын жетекчилигинин жана профсоюз уюмунун демөөрчүлүгү астында уюштурулуп келет.