КӨЭАУда спорт жумалыгы

Бүгүн, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин профессордук-окутуучуларынын жана кызматкерлеринин ортосунда спорттун 8 түрү боюнча спартакиада башталды. Аталган спорттук иш чараны окуу жайдын ректору, профессор Абдилбает Асанович ачып берип, жалпы катышуучуларга ийгилик каалады.