“КӨЭАУ мырзасы -2024” аныкталды

Кечээ, 28-февраль күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 30 жылдыгына карата мамлекеттик тил жана социалдык иштер бөлүмү жана студенттик жаштар комитети тарабынан уюштурулган “КӨЭАУ мырзасы -2024” кароо-сынагы болуп өттү.
Кароо-сынактын жобосуна ылайык университеттин факультет, колледждеринен мыкты деп табылган 8 мырза ат салышты. Сынактын башында окуу жайдын ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович университеттин 30 жылдыгына карата өтүп жаткан иш чаранын максатына токтолуп, ар бир түзүмдөн тандалып чыккан мырзаларга ийгилик каалап, чыныгы эр азамат болгула деген тилегин билдирди.
Кароо-сынак жалпы 4 этаптан туруп, калыстар тобу тарабынан жеңүүчүлөр аныкталды.
Жыйынтыгында медициналык колледжден чыккан Арзыбек Акматов баш байгени багындырып “КӨЭАУ мырзасы-2024” деп табылды.
Ал эми 1-орунду кесиптик колледжинин студенти Жээнали уулу Ысмайыл, 2-орунду гуманитардык-педагогикалык факультетинин студенти Молдабай уулу Якубжан, 3-орунду инженердик-технологиялык факультетинин студенти Абдулвахид Казаков камсыздашты. Калган катышуучулар кызыктуруучу диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Иш чарага Ош шаардык жаштар комитетинин төрагасы Жаныш Жусупбеков, КӨЭАУнун бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиев калыстык кылып, акчалай колдоо көрсөтүштү.
“Бул кароо-сынакты өткөрүүнүн максаты студенттерге жагымдуу маанай тартуулоо менен аларга Кыргыз элинин маданиятын, таалим, тарбиясын көкүрөгүнө сиңирип, сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу болуп саналат” дейт уюштуруучулар.