Окуу-усулдук кеңештин кезектеги отуруму

Бүгүн, 27-февраль күнү Кыргыз-Ɵзбек Эл аралык университетинин №1 окуу имаратынын конференция залында Окуу-усулдук кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү.
Отурумга университеттин окуу иштери жана каржы боюнча проректору, доцент А.Зулпукаров төрагалык кылып, күн тартибинде окутуу процессин долборлоодо электрондук билим берүү ресурстарын колдонуу, билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруунун Конституциялык кепилдиги, окуу-усулдук колдонмолорду талкуулоо жана бекитүү меселелери каралып, талкууланды.