Ата Мекенди коргоочулар күнү белгиленди

Бүгүн, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнүн урматына арналган майрамдык салтанат өткөрүлдү.
Окуу жайда мекенди коргоочулардын күнүнө карата жыл сайын түзүмдөрдүн айымдары тарабынан салтанаттуу кече өткөрүлүп келет. Быйылкы жылы майрамдык иш чара университеттин кесиптик колледжинин айымдары тарабынан уюштурулду.
Сахнада жоокер ырлары ырдалып, бий бийлеп, үй-бүлөлүк көрүнүштөр аткарылып мырзаларга жагымдуу маанай тартууланды.
Кеченин соңунда университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, мурдагы ректорлор, Аялдар кеңешинин төрайымдары Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, майрамдык маанай тартуулаган колледждин айымдарына ыраазычылык билдиришти.
и ещё 19
Все реакции:

Суйор Таштемиров, Сыргак Сарыков и ещё 87