Мамлекеттик тилге мамлекеттик колдоо

   2022-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан” Жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери ” аттуу мамлекеттик тил проректорлорунун отуруму болуп өттү.

Отурум К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин имаратында өтүп, ага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев катышып, баяндама жасады. Отурумдун жүрүшүндө ар бир окуу жайдын мамлекеттик тил боюнча проректорлору баяндама жасап, сунуш- пикирлерин ортого салып, келечектүү пландар айтылды.

Аталган отурумга Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков дагы катышып, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө арналган иш чаралар боюнча маалымат берди. Бул иш чаранын негизги максаты мамлекеттик тилдин келечеги үчүн кам көрүү болуп саналат.