Студенттерге президенттик стипендия тапшырылды

      Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 3 студенти Президенттик стипендиянын ээси болушту. 16-декабрда президент Садыр Жапаров 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайлардын 70 студентине президенттик стипендия тапшырды.

Республиканын мыкты студенттерине мактоо баракчасы жана 60 миң сом өлчөмүндө стипендия тапшырылды. Мамлекет башчы жолугушууда аларды окуудагы жетишкендиктери менен куттуктап, мындан ары дагы талыкпай изденип, ийгиликтерди жарата бергиле деген каалоосун билдирген.

Бул стипендияны Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларындагы окутуунун күндүзгү формасынын студенттерине берилип келет. Жаштарды колдоо, алардын чыгармачыл эмгектерине жана демилгелерине баа берүү максатында уюштурулган. Студенттердин окуудагы жетишкендиктери, эл аралык же республикалык олимпиадада, конкурстардагы, ар кандай мелдеште жеңүүчү болгон, маданий-массалык иш чараларда активдүү жүргөн студенттер ала алат.