Мектеп окуучулары арасында теннис боюнча мелдеш өттү

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин базасында өлкөнүн түштүк аймагында жайгашкан Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын мектеп окуучуларынын арасында стол теннис боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Аталган спорттук иш чараны Ош шаарындагы стол теннис федерациясы жана Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети биргеликте ай сайын өткөрүп турушат.
КӨЭАУнун дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы Курсантбек Каимов, дене тарбия мугалими Абдулазиз Назаров спорттук мелдештин жогорку деңгээлде өтүшүнө өздөрүнүн ар тараптуу салымдарын кошуп, оюнга калыстык кылып келет.