КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков Өзбек улуттук маданий борборунун жетекчисинин биринчи орун басары Адылжан Атажановду кабыл алды.

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков Өзбек улуттук маданий борборунун жетекчисинин биринчи орун басары Адылжан Атажановду кабыл алды.
Жолугушууда 20-февраль күнү достуктун куттуу ордосу болгон Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Эл аралык эне тил күнүнө карата Ош шаарындагы Өзбекстан Республикасынын башкы консулдугу, Өзбекстан Республикасынын “Ватандаштар” коомдук бирикмеси менен биргеликте достук кечесин өткөрүүнү макулдашышты.
Ошондой эле кылымдарды карыткан кыргыз-өзбек элдеринин достугун даңазалап, кыргыз- өзбек маданий алакаларын өнүктүрүү максатында биргелешкен иш чараларды өткөрүп туруу боюнча ойлорун ортого салышты.