Финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча тренинг өттү

Бүгүн, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин каржы-экономика факультетинин экономика, бухгалтердик эсеп жана социалдык иш кафедрасы жана кесиптик колледждин экономикалык жана укуктук сабактар бирикмеси менен биргеликте «Финансылык жана пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу» деген темада тренинг уюштурду.
Аталган тренингди Бишкек мамлекеттик университетинин экономика, финансы жана бухгалтердик эсеп кафедрасынын доценти, экономика илимдеринин кандидаты, 50дөн ашуун илимий макалалардын автору Молдокулова Башарат Жолдошовна өтүп берди.
Тренингде финансылык сабаттуулуктун негиздери, финансылык максаттар (SMART), финансылык план, бюджет, үй-бүлөлүк же жеке бюджет түзүү, активдүү жана пассивдүү киреше булактары, каражат топтоо түшүнүгү жана түрлөрү, депозиттин түрлөрү, кредит алуудагы өзгөчөлүктөр, карыз, карыздан кутулуу жолдору, пенсиялык сабаттуулук, пенсиялык топтолмо фонддор тууралуу темалар талкууланды. Ошондой эле студенттер үчүн уюштурулуучу КВИЗ- оюндун шарттары тууралуу маалыматтар берилди.