Форум: «Аял-эне, аял-жар, аял-коомдун күзгүсү – мамлекеттин жаркын келечеги»

Бүгүн, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде «Аял-эне, аял-жар, аял-коомдун күзгүсү – мамлекеттин жаркын келечеги» аталышында форум болуп өттү. Аталган форум Ош шаардык Аялдар кеңешинин демилгеси менен Кыргыз-Ѳзбек Эл аралык университетинин Аялдар кеңеши тарабынан уюштурулду.
Иш чаранын расмий ачылышында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүүлөр боюнча проректору, филос.и.д., профессор Балтабаева Аида Тынайбековна, Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Закиров Нурлан Акимжанович, Республикалык Аялдар бирикмесинин, Ош шаардык аялдар кеңешинин төрайымы Кожоева Атыргүл Кожоевна, ЖОЖдордун, ишкана, уюмдардын аялдар кеңешинин төрайымдары сөзгө чыгып, аялдардын коомдогу, үй-бүлөдөгү орду, жасап жаткан иштерине кенен токтолушту.
Андан соң КӨЭАУнун педагогика жана психология кафедрасынын башчысы Айтышова Жаңылай Токтосуновна “Аял үйдүн жана мамлекеттин тиреги”, юридика-бажы факультетинин деканы Көкөева Алмагүл Муктарбековна “Аялдардын укугун коргоо-үй-бүлөлүк никелик мамилелерге каршы кылмыштардын алдын алуунун негизги катары”, медициналык колледждин окуу иштери боюнча директордун орун басары Алиева Элмира Кадыралиевна “Кийинүү маданиятынын өзгөчөлүктөрү жана учурдагы абалы” деген темада кызыктуу баяндамаларын жасашты.
Форумдун жүрүшүндө келген коноктордун ой-пикирлери айтылып, суроо-жооптор менен коштолду. Соңунда Аялдар кеңешине мүчө болгон айымдарга күбөлүктөр тапшырылды.