Ректор Ооган согушунун ардагерлерин кабыл алды

Бүгүн, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков окуу жайда эмгектенген Ооган согушунун ардагерлерин кабыл алды. Ректор Ооганчыларды бүгүнкү майрамы менен куттуктап, алардын эрдиктерине токтолуп, чыныгы баатырлар экенин баса белгиледи.
Ал эми КӨЭАУнун бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Шералы Эгембердиев кайратмандыгы, эрдиги менен өз милдеттерин так аткарып келген ооганчыларыбыздын эмгеги жаштарга дайыма үлгү болорун айтып, агайларга чың ден соолук жана бакубатчылык каалап, жалпы жамааттын атынан акчалай сыйлыктарды тапшырышты.
Ал эми ардагер агайлар жыл сайын ар тараптуу колдоолорду көрсөтүп келе жаткан ректоратка жана профсоюз уюмуна ыраазычылыктарын билдиришти.