Кѳп тилдүү билим берүү программасын ишке ашыруунун абалын жана кѳйгѳйлѳрүн талкуулашты

Кыргыз-Ѳзбек Эл аралык университететинин ректору э.и.д., профессор Абдилбает Асанович Мамасыдыков Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун инновациялык технологиялар жана тил сабактары мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу борборунун башчысы Артыкбаева Гульмира Эрматовна, ага окутуучусу Булатова Виктория Александровна жана социалдык интеграциялоо борборунун координатору Дейчман Валентин Карлович менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндѳ университетте кѳп тилдүү билим берүү программасын ишке ашыруунун абалы, кѳйгѳйлѳрү жана келечектеги пландары талкууланды. Кыргыз Республикасы менен Европа Кеңешинин ортосунда түзүлгѳн каржылык макулдашуунун алкагында КѲЭАУ 2022-жылы кѳп тилдүү билим берүүнү ишке ашыруучу окуу жайлардын катарына кирген. Коноктор бул багытта университетте аткарылып жаткан иштердин жогорку деңгээлде жүрүп жаткандыгын белгилешип, бул үчүн Абдилбает Асановичке жана окуу жайдын жамаатына ыраазычылык билдиришти.