Сабактарды англис тилинде ѳтүүчү окутуучулар үчүн семинар-тренинг

Кѳп тилдүү билим берүү программасын ишке ашыруунун алкагында 2024-жылдын 15-16-17-февраль күндѳрү Кыргыз-Ѳзбек Эл аралык университететинде предмет менен тилди интеграциялап окутуунун усулу (CLIL) боюнча сабактарды англис тилинде ѳтүүчү окутуучулар үчүн семинар-тренинг ѳткѳрүлүп жатат.
Семинардын тренерлери Артыкбаева Гульмира Эрматовна, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун инновациялык технологиялар жана тил сабактары мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу борборунун башчысы, Булатова Виктория Александровна, ага окутуучу, эл аралык эксперт, Дейчман Валентин Карлович, социалдык интеграциялоо борборунун координатору.
Семинардын жүрүшүндѳ аккредитация жана билим берүүнүн сапаты департаментинин директору, КТББ боюнча университеттин координатору филол.и.к. Тентимишова Акмарал Камчыбековна катышуучуларды КѲАЭУнун бул багыттагы тажрыйбасы менен бѳлүштү.
Аталган семинарга КѲАЭУнун, ОшМунун, ОшМПУнун жана Нарын мамлекеттик университетинин окутуучулары катышууда.
Семинар 144 саатка пландаштырылып, 2024-жылдын май айына чейин улантылат. Жыйынтыгында катышуучуларга Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун сертификаттары ыйгарылат.