“Окуу керемет” долбоорунун жыйынтыктары жана жетишкендиктери

Бүгүн, 1-мартта Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университинин базасында USAIDдин “Окуу керемет” долбоорунун 5 жылдык жыйынтыктоочу иш чарасы болуп өттү.
Аталган иш чарага Ош шаардык мэриясынын, Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков катышты.
Университеттин ректору “Окуу керемет” долбоорунун 5 жыл аралыгында жасаган иштерине кыскача токтолуп, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети акыркы жылдары бул долбоор менен тыгыз иш алып баргандыгын айтып, университеттин базасында белгилүү методист, белдүү окумуштуу Топчубай Эргешовичтин жетекчилигинде бир канча семинар-тренигдер өткөрүлгөндүгүн белгилеп өттү.
Мындан сырткары иш чаранын катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен USAIDдин ортосунда түзүлгөн өз ара түшүнүшүү меморандумдун негизинде өз ишин 2019-жылы 5 жылдык мөөнөт менен баштаган “Окуу керемет” долбоору 5 жыл аралыгында бир топ натыйжалуу иштерди аткаргандыгы айтылды.