“Нарктуу аксакалдар ордосу” бирикмеси конокто

Бүгүн, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин “2022–2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” жарлыгын ишке ашыруу максатында тегерек стол болуп өттү.
Аталган иш чарага Кыргыз Республикасынын “Нарктуу аксакалдар ордосу” коомдук бирикмесинин төрагасы Кожогулов Нурдан Мусаевич жана орун басары Ибраев Амантур Ибраевич жамааты менен келишти.
Мында, коноктор улуттук наркты сактап, элибиздин тарыхын даңазалап, улуттар аралык достук мамилени чыңдап, үй-бүлөлүк баалуулуктарыбызды бекемдешибиз керек деген омоктуу ойлорун ортого салышты. Жаштарды үлгүлүү жүрүм-турумга ээ болуп, терең билим алууга үндөп, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошо турган эр азаматтардан болгула деген тилегин билдиришти.