Түрк тили курсун окугандар сертификаттарга ээ болушту

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин базасында түрк тили курсун окуган окутуучуларга жана студенттерге сертификаттар тапшырылды.
Аталган окуу курсунда университеттин мурдагы ректору, профессор Чаткалбай Райымбаев, эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректор Аида Балтабаева дагы окуп, атайын сертификатка ээ болушту.
Ректор Абдилбает Мамасыдыков тил үйрөнгөн окутуучулар жана студенттер биринчилерден болуп академиялык мобилдүүлүк боюнча башка өлкөлөргө жөнөтүлөрүн айтты.