Ош шаарындагы мектептердин окуучулары окуу жай менен жакындан таанышып кетишти.

2024-2025-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алууга жана кесипке багыт берүү ишинин алкагында Ош шаарындагы мектептердин окуучулары окуу жай менен жакындан таанышып кетишти.
Университеттин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович, эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүүлөр боюнча проректору, филос.и.д., профессор Балтабаева Аида Тынайбековна, юридика-бажы факультетинин деканы, Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Көкөева Алмагүл Муктарбековна окуучуларга университет тууралуу кенен маалымат беришти.