Спорттун бильярд түрү боюнча биринчилик өттү

2024-жылдын 17-февралында Ош шаарындагы “Классик” бильярд клубунда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жетекчилиги жана бириккен профсоюз уюму университеттин окутуучулар жана кызматкер мырзаларынын ортосунда спорттун бильярд түрү боюнча биринчилик өткөрдү.
Мелдеш 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата уюштурулуп, ага окуу жайдын ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков баштаган 30га жакын мырзалар катышты.
Жамааттын ынтымагын бекемдөө, спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана ден соолукту чыңдоо максатында өткөн спорттук мелдеште 1-орунду университеттин окуу иштери жана каржы боюнча проректору Алтынбек Зулпукаров, 2-орунду медициналык колледждин окутуучусу Кадыралы Абдураимов, 3-орунду КӨЭАУнун ректору Абдилбает Мамасыдыков, 4-орунду Учкунбек Шамшидинов ээлеп, уюштуруучулар тарабынан диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Мындан сырткары жалпы мелдештин катышуучуларына жана күйөрмандарга атайын сый тамак уюштурулду.