7 магистрдик программа, 2 бакалавриат жана 1 орто кесиптик билим берүү программалары көз карандысыз аккредитациялоодон өттү

2022-жылдын 20-21-декабрь күндөрү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде жогорку билим берүү программалары боюнча 7 магистрдик программа, 2 бакалавриат жана 1 орто кесиптик билим берүү программалары Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо боюнча көз карандысыз агенттиги (AAEPO) тарабынан көз карандысыз аккредитациялоодон өтүштү.
Аккредитациялоодо он бир эксперт иш алып барып, окуу жайыбыздын материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышты. Ошондой эле окуу жараянына жана окуу жайда өткөрүлүп жаткан иш чараларга күбө болушту.
Эксперттердин 2 күндүк аккредитациялоо иштеринин алкагында окуу жайдын жетекчилери, окутуучулар, ата-энелер, социалдык өнөктөштөр, магистранттар жана студенттер менен баарлашуу жүрдү.
Соңунда эксперттер окуу жайдын ишмердүүлүгүн мындан ары дагы жакшыртуу боюнча сунуш, пикирлерин айтып, университеттин жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүнө оң баасын беришти.