Бокс боюнча эл аралык мелдеште Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенти жеңишке жетти

Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеште Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенти Мирзахит Имамназаров 1-орунду камсыздады. Аталган спортчуну бүгүн Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков кабыл алып, анын жараткан ийгиликтери университет үчүн чоң сыймык экенин айтып, спорт дүйнөсүндө талыкпай эмгектенип, кыргыз элинин сыймыгы бол деген тилегин билдирди. Белгилей кетсек, Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоков атындагы бокс боюнча эл аралык таймаш быйыл 46-жолу өткөрүлүп жатат.