Бюджеттик негизде билим алган бүтүрүүчүлөр мектептерге бөлүштүрүлдү

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин №724/1 буйругуна ылайык Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин бюджеттик негизде билим алган педагогикалык адистиктеринин бүтүрүүчүлөрүн жалпы билим берүүчү мектептерге бөлүштүрүү иш-чарасы болду.
Жыйынга университеттин окуу иштери жана каржы боюнча проректору Алтынбек Зулпукаров, окуу департаментинин директору, кадрлар бөлүмүнүн башчысы, педагогикалык багыттагы факультеттердин декандары, тайпалардын кураторлору, Ош билим берүү институтунун, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, Ош облусунун райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, мектеп директорлору катышты.
Университте 2023-2024-окуу жылында педагогикалык багыт боюнча бюджеттик негизде билим алган 139 бүтүрүүчү окууну аяктоодо. Бүтүрүүчүлөр КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн ваканттык орундарга жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнөн берилген сураныч каттардын негизинде жалпы билим берүү уюмдары талап кылган бош орундарга бөлүштүрүлдү.