“Дени сак аял- дени сак улут”

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде 40 жаштан жогорку курактагы аялдар арасында салтка айланган спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өттү.
Аталган спорттук таймашта Кыргызстандын түштүгүндөгү жогорку окуу жайларда эмгектенген 40 жаштан жогорку курактагы эжекелердин курама командалары мыкты оюн көргөзүп, жеңүүчүлөр диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Салтка айланган спорттук иш чараны уюштурууну Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин аялдар кеңеши колго алган.