Елабуга шаары. Татарстан Республикасы. Елабуга институту

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жетекчилеринин Татарстан Республикасына болгон иш сапарынын 2-күнү Елабуга шаарындагы Казань федералдык университетинин алдындагы Елабуга институтунда өттү.
Елабуга институту педагогикалык багытындагы Казань федералдык университетинин адистештирилген институту.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин өкүлдөрү алгач Елабуга институтунун материалдык-техникалык базасы, жүргүзүп жаткан иштери менен жакындан таанышып чыгышты.
Андан соң эки окуу жайдын өкүлдөрү 2+2, 1+1 форматындагы биргелешкен педагогикалык багытындагы окуу программаларын даярдоо, окутуу, жайкы жана кышкы квалификацияны жогорулатуу боюнча лагерлерди уюштуруу, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн өткөрүү боюнча макулдашып, жыйынтыгында эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлду.