Илимий-методикалык семинар болуп өттү

Кечээ, 2024-жылдын 28-март күнү КӨЭАУнун «Педагогика жана окутуунун инновациялык технологиялары» илимий-изилдөө борборунун кезектеги илимий-методикалык семинары болуп өттү. Семинарды борбордун директору, п.и.к. Исаков Топчубай Эргешович жетектеди.
Семинарда илимий борбордун мүчөсү Арстанбек кызы Бегимай “Эмоционалдык интеллект жана анын илимий – изилдөө иштериндеги” таасири деген темада мазмундуу баяндама жасап берди.
Ал эмоционалдык интеллект түшүнүгүн видео материалдар жана оюн аркылуу катышуучуларга жеткиликтүү түшүндүрүп берди. Азыркы муундун жаштарын окутууда жана тарбиялоодо эмоционалдык интеллекттин ролунун чоң экендигин баса белгиледи. Семинар суроо-жооптор жана кызыктуу талкуулар менен коштолду.
Семинардын катышуучулары пайдалуу маалыматтар үчүн Арстанбек кызы Бегимайга ыраазычылыктарын билдиришти.