Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде шахмат боюнча Ош шаарынын жана Ош облусунун биринчилиги өтүп жатат

“Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндөгү Концепциясынын негизинде өткөрүлгөн мелдеш Кыргыз шахмат федерациясы тарабынан уюштурулууда. Аталган турнир 7-февралдан 11-февралга чейин Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин базасында өтөт. Спорттук иш чаранын ачылышына КӨЭАУнун ректору, профессор Абдилбает Асанович катышып, уюштуруучулардын жана шахмат биринчилигинин катышуучуларына ийгилик каалады. Ал эми шахмат федерациясынын жетекчилиги спорттук иш чаранын жогорку деңгээлде өтүшүнө ар тараптуу колдоолорду көрсөтүп жатканы үчүн КӨЭАУнун ректору Абдилбает Мамасыдыковго жана окуу жайдын жалпы жамаатына ыраазычылыгын билдирди.