Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети эл аралык туризм көргөзмөсүндө

Бүгүн, 14-майда Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Салам Ош-2024” жайкы туризм сезону ачылып, I эл аралык туристтик көргөзмөсү башталды. Бул көргөзмөгө жалпысынан 60дан ашуун туристтик компаниялар, коомдук уюмдар, мекеме, ишканалар, жогорку окуу жайлары катышты. Мындан сырткары Түркменстан, Өзбекстан, Кытай Эл республикасынан, Россия федерациясынан келген бир канча ишкерлер да катышып, өздөрүнүн туристтик мезгилге болгон даярдыктарын көрсөтүштү. Жарманкени Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев ачып берди.
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде 2023-2024-окуу жылында туризм, жаратылышты колдонуу жана экология адистиктери ачылганына байланыштуу табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин табигый илимдер жана окутуунун усулу кафедрасы туризмди өнүктүрүү максатында, “Дестинация Ош” туризмди өнүктүрүү бирикмесине мүчө болду. Ошондой эле бир канча туристтик фирмалар менен эки тараптуу келишимдерди түздү. Аталган самаалык 16-майга чейин улантылат.