КӨЭАУнун окутуучусу Астана шаарында өткөн семинар-тренингге катышып келди

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окутуучусу, тарых-филология факультетинин кыргыз филология кафедрасынын доценти, п.и.к. Тилекова Назира Дүйшөбаевна 27-29-май күндөрү Астана шаарындагы Назарбаев университетинде Түрк академиясынын уюштуруусу жана аталган университеттин колдоосу менен өткөн “Билим берүү, тилдерди окутуу менен илимий изилдөө багытында жасалма интеллект (AI) EdTech санариптик технологияларын эффективдүү интеграциялоо» аталышындагы семинар-тренингге катышып келди.
Аталган семинар-тренингге Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын ЖОЖдорунун окутуучулары жана мектеп мугалимдери катышып, мында жасалма интеллект (AI) EdTech санариптик технологиялары боюнча НУнун профессорлору англис, орус, казак тилдеринде катышуучуларга теориялык жана практикалык маалыматтарды беришкен.
Тилекова Назира Дүйшөбаевна, семинар-тренинг жемиштүү болуп, катышуучулар тарабынан жылуу пикирлер айтылып, жыйынтыгында жалпы катышуучулар 72 сааттык сертификаттарга ээ болушканын билдирди. Мындан сырткары НУнун материалдык-техникалык базасын тааныштыруу боюнча катышуучуларга экскурсия уюштурулганын, иш сапар Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жетекчилигинин колдоосу менен ишке ашырылган кошумчалады.