Медициналык колледжде кабыл алуу кечеси өттү

Бүгүн, 15-ноябрь күнү КӨЭАУнун медициналык колледжинде 1-курстун студенттерин студенттикке кабыл алуу кечеси уюштурулду.
Кабыл алуу аземине университеттин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович, бириккен профсоюз уюмунун төрагасы Эгембердиев Шералы Манапович, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Сарыков Сыргак Токтосунович, медициналык колледждин директору Талипов Насыр Төлөшович катышып, жаңыдан университеттин босогосун аттаган студенттерди куттуктап, алардын окууларына ийгиликтерди каалашты.
Ректор Абдилбает Асанович алдыдагы иш пландарына кыскача токтолуп, келечекте медициналык факультетин ачуу максаты бар экенин белгиледи.
Андан соң 1-курстун студенттери ант берип, студенттик окуу китепчелири тапшырылды. Кеченин катышуучулары колледждин таланттуу студенттери тарабынан даярдалган концерттик программага күбө болушту.