Наманган мамлекеттик университетинин ректорунун Ыраазычылык каты

Улуу ойчул Абу Райхон Берунин 1050 жылдыгына карата ТҮРКСОЙ, Наманган мамлекеттик университети жана Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети биргелешип өткөргөн конференциянын жыйынтыгына ылайык Наманган мамлекеттик университетинин ректору, п.и.д., профессор Тургунов Собитхон Ташпулатович КӨЭАУнун ректору, э.и.д., профессор Мамасыдыков Абдилбает Асановичке, ректордун кеңешчиси, э.и.д., профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевичке, эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүүлөр боюнча проректор, филос.и.д., профессор Балтабаева Аида Тынайбековнага, тарых жана философия кафедрасынын башчысы, т.и.к Ташалиева Мукарам Мурзакуловнага ыраазычылыгын билдирди.
Собитхон Ташпулатович Ыраазычылык катында эл аралык конференциянын жогорку деңгээлде өткөндүгүнө токтолуп, мындан нары дагы Наманган мамлекеттик университети менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин эки тараптуу кызматташуусу улана берерин баса белгилеген.