Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму өттү

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин №1 окуу имаратынын жыйындар залында университеттин Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.
Отурумга университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков төрагалык кылып, күн тартибинде университеттин илимий-изилдөө ишмердүүлүгүнүн 2023-жылы үчүн жыйынтык эсеп-кысабы жана ѳнүгүү перспективалары, университеттин стратегиялык ѳнүгүү планынын аткарылышынын мониторинги каралып, университеттеги ваканттык орундарга конкурстук шайлоо ѳткѳрүлдү.