Окутуучулар арасында өткөн спартакиада жыйынтыкталды

КӨЭАУнун чарбалык административтик кызматкерлеринин жана профессордук-окутуучулар жамаатынын ортосунда кышкы спартакиада өткөрүлүп жыйынтыкталды.
Спартакиада 9-январдан 13-январга чейин окуу жайдын “Достук” спорт клубунун жана дене тарбия мугалимдеринин жетектөөсүндө өткөрүлдү. Волейбол, баскетбол, стол тенниси, эстафета, тогуз коргоол жана шахмат боюнча мелдештерге окуу жайдын бардык факультет, колледждеринен командалар катышты.
Бир жумага созулган кышкы спартакиада 13-январь күнү жыйынтыкталып, сыйлоо аземи болуп өттү.
Ага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулары катышты. Мында жеңүүчү командаларга жана мыкты оюн көрсөткөн катышуучуларга диплом, акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Жалпы эсептин жыйынтыгы менен 1-орунду медициналык колледждин командасы, 2-орунду чарбалык административтик кызматкерлеринин командасы, ал эми 3-орунду табигый-педагогикалык жана маалыматтык-технологиялар факультетинин командасы камсыздаган.
Аталган спорттук иш чара ден соолукту чыңдоо, спортко болгон кызыгууну арттыруу жана жамааттын ынтымагын, достугун бекемдөө максатында жыл сайын окуу жайдын жетекчилигинин жана окуу жайдын профсоюз уюмунун демөөрчүлүгү астында “Достук” спорт клубу тарабынан уюштурулуп келет.