Ооган согушунун ардагерлери сыйланды

Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылышынын 34 жылдыгынына карата Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде эмгектенген Ооган согушунун ардагерлери сыйланды.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окуу иштери боюнча проректору Топчубай Исаков, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Сыргак Сарыков, бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Шералы Эгембердиев Ооган ардагерлеринин эрдиктерине токтолушуп, алар эл-жер үчүн жанын аябаган, чыныгы баатырлар экенин баса белгилешти.
Ошондой эле “ооганчыларды” советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 34 жылдыгы менен куттуктап, аларга чың ден соолук жана бакубатчылык каалап, жалпы жамааттын атынан акчалай сыйлыктарды тапшырышты.