Ректор КӨЭАУнун бүтүрүүчүлөрү менен жолукту

Бүгүн, 12-февраль күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков университеттин “Стартап” программасын өнүктүрүү максатында, КӨЭАУнун бүтүрүүчүлөрү: “Бизнес плюс” агенттинин негиздөөчүсү Музафар Казаковду, аталган агенттиктин директору Икбол Ташполотовду, “Кийиз групптун” негиздөөчүсү Сардор Салимовду, Кыргыз-Түрк биргелешкен ооруканасынын каржы боюнча директору Сарвар Халмурзаевди, “Мерсиконун” каржы менеджери Ильхом Мелибаевди, грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Ойбек Насировду, “Бизнес плюстун” техникалык директору Алишер Казаковду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө белгиленген коноктор бизнес чөйрөсүнө зарыл болгон адистерди кыска мөөнөттө даярдап чыгаруу боюнча даярдалган программасынын презентациялашты. Ошондой эле кыска мөөнөттөгү курстан билим алып чыккан адистер атайын сертификаттарга ээ болуп, иш орду менен камсыз болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло тургандыктарын айтышты.
Сөз кезегинде ректор А.Мамасыдыков университет менен кызматташууга кол сунган бүтүрүүчүлөргө ыраазычылык билдирип, окуу жайдын жамааты да, жетекчилиги да “Стартап” программасы боюнча кызматташууга даяр экендигин билдирди.