СПИДсиз жашоо-жаркын келечек

2022-жылдын 1-декабрь күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медициналык колледжи тарабынан 1-декабрь-СПИД оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата иш чара болуп өттү.
Бул иш чарага медициналык колледжинин окутуучулар жамааты, студенттер, Ош шаардык СПИДке каршы күрөшүү борборунун уюштуруу бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты.
СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата жыл сайын медициналык колледж тарабынан ар кандай иш чаралар, акциялар уюштурулуп келет. Иш чаранын негизги максаты ооруу тууралуу түшүнүктү студенттерге, жаштарга жеткирип, бул коркунучтуу оорунун алдын алуу болуп саналат.
Учурда ВИЧ/СПИД оорулары күч алып, дартка кабылгандардын саны жыл сайын арбып барат. Бул илдет алгачкы жолу 1981-жылы катталган. ВИЧ- Иммунножетишсиздикти пайда кылуу менен СПИДдин өнүгүшүнө алып келет.
Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун маалыматына ылайык дүйнөдө ВИЧ инфекциясын жуктурган адамдардын саны 46 млн.дон ашат.