Спорт-ден соолуктун булагы, ийгиликтин башаты

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде 8-март-Аялдардын эл аралык майрамына карата спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өттү.
Аталган спорттук иш чара юридика-бажы факультетинин жамааты тарабынан уюштурулуп, жаалпы 9 команда катышты. Эки күнгө созулган спорттук иш чарада 3-орунду тарых-филология факультетинин эжекелери, 2-орунду ректораттын айымдары 1-орунду медициналык колледжинин эжекелери багындырды.
Жеңүүчүлөргө жана оюнга катышкан ар бир командага юридика-бажы факультети тарабынан өзгөчө белектер тапшырылды. Иш чарага күбө болгон коноктор, катышуучулар уюштуруучуларга ыраазычылыктарын айтып, спорттук мелдеш жогорку деңгээлде өткөндүгүн баса белгилешти. Соңунда жалпы конокторго сый тамак берилип, чакан концерттик программа менен иш чара жыйынтыкталды.