Табиятты коргоо жалпыбыздын милдетибиз

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжинин математика жана табигый сабактар бирикмесинин химия, биология жана география мугалимдери шаарды көрктөндүрүү жана тазалоо мекемеси менен биргеликте “Табиятты коргоо жалпыбыздын милдетибиз” аталышында иш чара өттү.
Аталган иш чара Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы сейил багында өтүп, ага кесиптик колледждин директору Чолпон Абдуллаева, окутуучулар, студенттер жана шаарды көрктөндүрүү жана тазалоо мекемесинин өкүлдөрү катышты.
Студенттерге экологиялык билимдерди, тарбияны жайылтуу, экологиялык маданиятты калыптандыруу, табиятты сүйүүгө жана көздүн карегиндей сактай билүүгө үгүттөө максатында өткөн иш чарада таштандыларды тазалоо иштери жүргүзүлүп, студенттер арасында интерактивдүү кыймылдуу оюндар, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган табият тууралуу логикалык суроо-жооп оюндары уюштурулду.