Табиятты_сактайлы

Бүгүн, 1-апрель күнү табигый-педагогикалык жана маалыматтык технологиялар факультетинин табигый илимдер жана окутуунун усулу кафедрасы тарабынан “Табиятты сактайлы” аттуу жумалык иш чаралардын ачылыш аземи болуп өттү.
Аталган иш чаранын расмий ачылышында Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович илимий потенциалыбыздын бар мүмкүнчүлүгүн колдонуп, экологиянын жакшырышына ар бирибиз салымыбызды кошолу деген чакырык таштап, бир жумалык иш планды өз көзөмөлүнө аларын билдирди.
Ошондой эле окуу жайдын эмгек жамаатын жана студенттерин аталган жумалыкка активдүү катышып берүүгө үндөдү. Иш чаранын катышуучулары үчүн университеттин окумуштуулары тарабынан ‘Өлкөнүн түштүк аймагындагы экологиялык көйгөйлөр”, “ХХІ кылымда климаттын өзгөрүү тенденциясы” аталышында докладдар окулду.
“Табиятты сактайлы” аттуу жумалык Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы “Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” № 77 Жарлыгынын алкагында, тарбиялануучулардын, окуучулардын жана студенттердин арасында экологиялык аң-сезимди калыптандыруу, айлана-чөйрөгө аяр жана сарамжалдуу мамиле кылуу, тазалыкты сактоо, жаратылышты коргоо көндүмдөрүн өркүндөтүү максатында уюштурулду.
Өлкөбүздүн экологиялык коопсуздугун сактап, 3000 жылдык тарыхты багындырган Ош шаарын жашылдандыруу, көркдөрдүрүү багытында иш алып баруу биздин университетте салтка айланган.