“Улуттар биримдиги“ аталышында коллекциялардын көргөзмөсү уюштурулду

Кечээ, 4-июнда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз –Өзбек Эл аралык университетиинин 30-жылдыгына карата инженердик–технологиялык факультетинин колдонмо механика жана дизайн кафедрасы тарабынан “Жыл модасы 2024” аттуу сынак болуп өттү.
Мында аталган факультеттин текстил жана костюм искусствосу, дизайн багыттарында билим алган студенттер “Улуттар биримдиги“ аталышындагы коллекцияларды эл алдына алып чыгышты.
Иш чарага Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Мамасыдыков Абдилбает Асанович, инженердик-технологиялык факультетинин деканы Исаев Ильязбек Эркинбаевич, Кыргызпатенттин өкүлү Түлөбердиева Дамира Мукашевна, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун чыгармачылык демилгелерди шыктандыруу бөлүмүнүн башчысы жана Ош шаарындагы белгилүү дизайнерлер катышып, жаш адистердин жасаган эмгектерине эң жакшы деген бааларын беришти.
Соңунда сынактын катышуучуларына университеттин, бириккен профсоюз уюмунун жана Кыргызпатенттин дипломдору, акчалай сыйлыктары тапшырылды.
Белгилей кетсек бул сынак студенттердин теориялык алган билимин практикалык жактан бекемдөө максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.