Улуттун келечеги – энелердин колунда

Бүгүн, 14-май күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжинде Энелер күнүнө карата «Улуттун келечеги – энелердин колунда» аттуу тегерек стол өттү.
Тегерек столго КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы Аялдар коомдук Кеңешинин төрайымы Мирзакаримова Айкөкүл Мирзакаримовна жана анын орун басарлары, КӨЭАУнун эл аралык байланыштар жана стратегиялык өнүгүү боюнча проректору, профессор Аида Балтабаева, КӨЭАУнун Аялдар Кеңешинин төрайымы Айгүл Арынова катышты.
Иш чара кесиптик колледждин окутуучулары тарабынан энелерге арналган ырларды көркөм окуу менен башталды. Буга улай эле «Баалуулуктар», «Чексиз (шартсыз) сүйүү», «Билим алуунун маанилүүлүгү» жана «Келечектин компетенциялары жана көндүмдөрү”, “Балдарды эмнеге даярдоо керек?»-деген темалардын алкагында видео-ролик көрсөтүлдү. Андан соң келген конокторго сөз берилип, аялдардын коомдогу орду талкууланып, иш чара таланттуу студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен жыйынтыкталды.