Университетте жыл мыктылары сыйланды

Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарды. “Мыктылардын мыктысы-2022” конкурсунун жобосунун негизинде 2022-жылдын мыктылары аныкталып сыйланышты.
Аталган сыйлыктарды Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич тапшырды.
Жеңүүчүлөр бир айлык маяна, лента жана сертификаттарга ээ болушат. Ал эми университеттин “Эмгек сиңирген ишмери” номинациясынын жеңүүчүсүнө бир жылдык маянасына 25% кошумча акы төлөнүп берилет.
Эскерте кетсек “Мыктылардын мыктысы” конкурсу жыл сайын университет тарабынан өткөрүлүп, жылдын аягында жеңүүчүлөрдү аныктап, белгиленген номинациялар жана акчалай сыйлыктар тапшырылып келет.
и ещё 12
Все реакции:

Сыргак Сарыков, Isaev Iliaz и ещё 142