Урматтуу студенттер, бүгүнкү майрамыңар кут болсун!

 

Адамга берилген өмүрдө – жаштык курактын кайталангыс орду бар. Ал эми студенттик күндөрүң келечек турмушуңун пайдубалын түптөй турган кез. Айрыкча, бүгүнкү күндүн шартында жөндөмүңө жараша кесип тандап, анын өтөөсүнө чыгуу үчүн татыктуу билим алуу шарт.

Болбосо, атаандаштыгы күчтүү рынок экономикасынын шартында өз ордуңдү таап, натыйжалуу турмуш кечирүү оңойго турбайт. Ошондуктан, убакытты текке кетирбей, ар саат, ар бир мүнөттү сарамжалдуу пайдаланып калуу керек.

Силер билим алып жаткан Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин профессордук окутуучулар жамааты ар бириңе туура багыт берип, кесипкөй адис болуп чыгышыңар үчүн жоопкерчиликтүү мамиле жасай тургандыгына ишенем.

Окуу жайыбыздын материалдык-техникалык базасы да мезгил талабына жараша жабдылган. Мына ушулар баарын туура пайдалана билгенде гана студенттик доорду жемиштүү өткөргөн болосуңар.

Урматтуу студенттер, бүгүнкү майрамыңар кут болсун! Бүгүнкү күндөгү майрамдык маанайыңар түбөлүктүү сакталып, келечегиңер кең болсун!

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Райымбаев Чаткалбай Кенейбаевич