Эки окуу жайдын ортосунда дени сак жашоо программасы кеңейүүдө

Кечээ, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучуларынын жана сутденттеринин ортосунда спорттун волейбол жана баскетбол түрү боюнча достук беттеши уюштурулду.
Мелдеш Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде өттү. Уюштуруучулар белгиленген эки окуу жайдын ортосунда дени сак жашоо программасын кеңейтип, окуу жайлар арасындагы достук мамиленин өнүгүшүнө шарт түзө тургандыгын белгилешти.
Эскерте кетсек, эки окуу жайдын ортосундагы иш чара буга чейин ЖАМУнун базасында өткөрүлгөн.