Эки тараптуу кызматташтык

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетин дене тарбия жана спорт кафедрасынын окутуучулары менен дене тарбиянын теориясы жана методикасы кафедрасынын окутуучулары Ташкент облусунун Чирчик шаарындагы Өзбекстан мамлекеттик дене тарбия жана спорт университетине иш сапары менен барып келишти.
Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинен барган делегацияны аталган эки кафедранын башчылары Курсант Каимов менен Толкун Разыков жетектеп барды. Эки күндүк иш сапардын алкагында окутуучулардын окуу усулдук, тарбиялык ишмердигинде тажырыйба алмашуу максатында жолугушуулар уюштурулуп, эки окуу жайдын ортосунда билим берүү тармагында биргелешип иш алып баруу маселелери каралды.
Эскерте кетсек бул өңдүү иш аракеттер окуу жайдын эл аралык байланыштар бөлүмү тарабынан ишке ашырылып келет.