Эл аралык эне тил күнү белгиленди

2023-жылдын 16-февралында кесиптик колледжде 21-февраль-Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата жана кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 94 жылдык мааракесине арналган адабий-музыкалык иш чара өткөрүлдү.
Көп тилдүүлүктү чагылдырган иш чарага Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин илимий иштер боюнча проректору Медербек Исманов, кесиптик колледжинин директору Чолпон Абдуллаева катышып, эл аралык эне тил күнүн белгилөөнүн негизги максаттарын айтып, эне тил улуттун мамлекет болуп сакталышына өбөлгө түзөрүн баса белгилешти. Ошондой эле дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун жасаган эмгектерине токтолушту.
Андан соң студенттер ар улуттун эне тилин даңктаган көркөм окууларды айтып, Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарышып келген конокторго жагымдуу маанай тартуулашты.
Эскерте кетсек окуу жайда Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата бир айлык планы бекитилип, улуттар аралык достукту, ынтымакты бекемдөөгө жана Кыргызстанда жашаган улуттардын эне тилин, маданиятын жайылтууга багытталган иш чаралар өтүп жатат.