Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү белгиленди

Бүгүн, 21-февраль күнү Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Кара кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин 30 жылдыгына карата Ош шаардык мэриясы, кыргызстан улуттук ассамблеясынын түштүк бөлүмүнүн катышуусунда Ош шаарындагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлары менен биргеликте 21-февраль-Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата майрамдык иш чара уюштурулду.
Биргелешип уюштурган иш чаранын расмий бөлүгү сыйлуу коноктордун: Ош шаарынын вице-мэри Н.С. Кадыровдун, Кыргызстан улуттар ассамблеясынын түштүк бөлүмүн башчысы, т.и.д., профессор Б.А. Нурумбетовдун, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, э.и.д., профессор А.А. Мамасыдыковдун, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын Ош облустук бөлүмүнүн башчысы А.Тилекманованын куттуктоосу менен башталды.
Сөз кезегинде КӨЭАнун ректору, профессор А.А. Мамасыдыков Кыргыз Республикасы эгемен өлкө катары таанылган күндөн тартып улуттук баалуулуктарды өнүктүрүп, көп улуттуу өлкөбүздө жашаган ар бир этностун нарк-насилинин, эне тилинин сакталып өнүгүшү үчүн мамлекет тарабынан керектүү шарттар түзүлгөнүн белгиледи. Окуу жайлардын ортосундагы биргелешип уюштурулган бул иш чара жергебиздеги этностор аралык биримдикти күчөтүп, өлкөбүздүн ар тараптуу өнүгүшү үчүн биргелешип иштөөгө негиз болот деген ишеничин билдирди.
Майрамдык иш чараны окуу жайлардын таланттуу жаштары тарабынан даярдалган: дүйнө элдеринин маданиятын, жергебизде жашаган этностордун ортосундагы достук байланыштарды даңазалаган сахналык оюн-зооктор улантты. Салтанаттын жүрүшүнүндө тарыхый окуяларды баяндаган, улуттук өзгөчөлүктөрдү чагылдырган ыр- бийлер аткарылды.
Соңунда Ош шаардык мэриясы тарабынан жергебизде жашаган достук мамилесин тереңдетүүгө, ар бир этностун маданиятын, нарк-насилин, эне тилин өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкон инсандарга, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрүнө баалуу белектерди тапшыруу менен майрамдык салтанат жыйынтыкталды.