Университеттин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков Ганновер Лейбница университетинин профессору Георг Гугенбергер жетектеген делегацияны кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар алдыдагы илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кеңири пикир алышты. Делегация өкүлдөрү өздөрүнүн пландары менен бөлүшүп, Борбор Азия аймагында жүргүзүлө турган изилдөөлөрдүн багыттарына токтолушту.
Өз сөзүндө ректор Абдилбает Мамасыдыков университетте илимди өнүктүрүү жана эл аралык байланыштарды кеңейтүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолуп, германиялык окумуштуулар менен кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого даяр экендигин билдирди.
Ал эми германиялык делегация университеттеги билим берүү жана илимий изилдөө жүргүзүү үчүн түзүлгөн шарттарга жогору баа берип, жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылыгын билдиришти.
Жолугушуунун соңунда ректор меймандарды университеттин медициналык колледжи тарабынан уюштурулуп жаткан Нооруз майрамына конок катары чакырып, делегация бул чакырууну кубануу менен кабыл алды.






