Университеттин жетекчилиги Анкара шаарынан кийин, Стамбул шаарындагы жогорку окуу жайлар жана эл аралык фонддор менен таанышуусун улантты.

27-28-март, 2023-жыл
Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин жетекчилиги Анкара шаарынан кийин, Стамбул шаарындагы жогорку окуу жайлар жана эл аралык фонддор менен таанышуусун улантты.
КР Президентинин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбия” жөнүндөгү концепциясына ылайык, жаштар арасында адеп, нарк, ыйман, жүрүм-турум маданиятын өстүрүү, түрк дүйнөсүндөгү кыргыз жаштарынын ордун күчөтүү жана көтөрүү максатында “Стамбул билим жана илим” эл аралык фонду менен келишим түзүлдү.
Буга улай ректорубуз, профессор Чаткалбай Райымбаев жетектеген делегация Ускудар университетинде жана Арел университетинде болушту. Аталган университеттердин өкүлдөрү материалдык базасы, окуу кааналарын жана лабораториялары менен тааныштырып, окутуучулар менен студенттерди бир семестрге академиялык мобилдүүлүккө бардык шарттары менен кабыл алууга, биргелешкен борборлорду ачууга, тилдик курстарды уюштурууга кызыктар экенин билдиришти.