Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин (КӨЭАУ) делегациясы Казань федералдык университетинин Елабуга институтунда болду.

2023-жылдын  20-мартынан 25-мартына чейин Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин (КӨЭАУ) делегациясы Казань федералдык университетинин Елабуга институтунда болду.            Бул иш сапардын максаты эки тараптуу Меморандумдун негизинде Елабуга институтундагы кесиптештер менен жолугуп, окуу-усулдук, илимий изилдөө жана маданий-тарбиялык иштер боюнча тажрыйба алмашуу, конок лекцияларды өтүү, атайын тажрыйба алмашуу үчүн уюштурулган илимий-методикалык семинарга катышып, баяндамаларды жасоо болду.             Алгачкы эле күнү Елабуга институтунун илимий-педагогикалык потенциалы менен материалдык-техникалык базасы тууралы жалпы таанышуу  экскурсиясы уюштурулду. Андан кийин эки тараптуу жолугушуу уюштурулуп, анда директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Ирина Петровна Михайлова Елабуга институтунун илимий-изилдөө, окуу-усулдук жана маданий-тарбиялык иштери менен бөлүштү.            Кийинки күнү илимий-методикалык семинар уюштурулуп, анда КӨЭАУдан барган делегациялардан Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы кафедрасынын ага окутуучусу Абдивалиева Гүлмира Абдимажитовна “Көп тилдүү мектептер үчүн башталгыч билим берүүнүн мугалимдерин даярдоо” деген темада баяндама жасады. Елабуга институтунун окумуштуулары жогорку билим берүүнүн учурдагы тенденциялары боюнча баяндамаларды жасашты.            КӨЭАУдан барган делегациялар: ф.-м.и.к, профессор Жээнтаева Жумагүл Кеңешовна,  т.и.к., доцент Дилшатов Осконбай Ураимович,  п.и.к., доцент Хаитов Шавкат Кимсанбаевич жана ага окутуучу Абдивалиева Гулмира Абдимажитовна өздөрүнө тиешелүү дисциплиналар боюнча конок лекцияларды өтүштү.